"Каракол" тоо лыжасына барчу унаа жолго асфальт төшөлөт. Видео

Текебаев алдыда бул жолго асфальт төшөлүп, тротуар, веложол да салынарын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. "Каракол" тоо лыжасына бара турган унаа жолго асфальт төшөлөт. Мындай планы менен транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бөлүштү.
Министр Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барып, андагы тоо лыжа базасына барчу жолдун абалы менен да таанышканын билдирди.
"Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бул жолду оңдоп, асфальт төшөө пландалууда. Ошондой эле тротуар жана веложол курулат. Азыркы учурда жолду изилдөө иштери башталды", — деди Текебаев.
Ал быйыл министрлик эс алуучу жайга бара турган жолду кардан тазалап турганын белгилеген. Текебаевдин айтымында, эгер буга чейин мында жолтандабастар гана жүрө алса, эми Honda Fit менен да барууга мүмкүн болуп калат.
Министр бул жол мурда жергиликтүү бийликтин балансында болгонун, 2023-жылы министрликке өткөрүлгөн соң шагыл жол түздөлүп, тегизделип, кышында кардан тазаланып турганын кошумчалаган.
Бишкекте шаардын түндүк менен түштүгүн байланыштырган үч чоң жол салынат. Карта