Радио

ЕАЭБ ичинде электрондук кызмат жаатында КНСти кимдер жана качан төлөйт?

Мамлекеттик салык кызматынын ЕАЭБ менен иштөө башкармалыгынын улук инспектору Бекзат Сандыбаев 2024-жылдын 4-мартында биримдикте электрондук кызмат көрсөтүүдө КНС алуунун жаӊы тартиби боюнча протокол күчүнө киргенин айтты.
Sputnik
2022-жылдын 9-декабрында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунда ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары биримдиктин аймагында электрондук кызмат көрсөтүүдө кошумча нарк салыгын алуу тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүүчү протоколго кол коюшкан. Бул тууралуу Бекзат Сандыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кошумча нарк салыгын Кыргыз Республикасында катталган домендик аталышты же IP-даректи колдонбостон электрондук түрдө кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк уюм төлөйт.

"2024-жылдын 4-мартында ЕАЭБ аймагында электрондук кызмат көрсөтүүдө кошумча нарк салыгын алуу тартиби боюнча протокол күчүнө кирди. Жаңы эрежелерге ылайык, ЕАЭБдин аймагында электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда кошумча нарк салыгын төлөө сатып алуучунун жайгашкан жери боюнча жүргүзүлөт. Буга чейин кош салык алынып келген. Мындан тышкары, бекитилген протокол ЕАЭБ аймагында сатып алуучуларга электрондук формада кызмат көрсөткөн салык төлөөчүлөргө КНС төлөөчү катары аралыктан каттоодон өтүү, жөнөкөйлөтүлгөн форматта электрондук декларация тапшыруу жана салык төлөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылды. Ошондой эле ЕАЭБ аймагында электрондук формада кызмат көрсөтүүлөрдө КНСти салыктык башкаруу тартибинин техникалык маселелери жөнгө салынган. Жетишилген макулдашуу бул жаатта атаандаштык чөйрөсүн өнүктүрүүгө, андан да чоң экономикалык интеграцияга өбөлгө түзөт. Ошондой эле ЕАЭБ аймагында электрондук формада кызмат көрсөтүүлөргө КНС салуу маселелеринде бизнес үчүн тактыкты киргизет. Салык кодексинин 28-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөндөй, чет өлкөлүк уюмдар КНС төлөөчү катары "Чет өлкөлүк уюмдун КНС боюнча кеңсеси" электрондук сервиси катталып, ошол жердеги "Төлөм реквизити" бөлүмүнө өтүп салык төлөйт. 2023-жылдын 27-сентябрында КНС салыгы үчүн электрондук формадагы кызматтардын тизмеси да бекитилген. Ага 14 кызмат кирет. Мисалы, музыка, кино көрүү, оюн кызматтарын колдонуу, домендик аталыштарды берүү, жарнама, электрондук китептерди, окуу материалдарын, графикалык сүрөттөрдү пайдаланууга укуктарды берүү сыяктуу акы төлөнүүчү онлайн-кызматтар", — деди Сандыбаев.

Ал кошумча нарк салыгын төлөгөн тарап айдын акыркы күнүнөн кечиктирбестен кварталына бир жолу төлөгөн салыгы тууралуу отчеттук маалымат берерин кошумчалады.