Бишкекте Honda Odyssey үч чет элдикти коюп кетип, бирөө каза болду

Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Бишкекте Honda Odyssey унаасынын айдоочусу жөө адамдар өтүүчү чийинден үч чет элдикти коюп кетти. Маалыматты Кайгуул милиция тастыктады.
Билдирүүгө ылайык, жабырлануучулар ооруканага жеткирилип, кийинчерээк бирөө каза болуп калган.
Кырсык 13-мартта түнкү саат 23:30да Ахунбаев көчөсүндө катталган, бирок окуя тууралуу эми гана белгилүү болду. Унаа айып короого киргизилип, материалдар шаардык милицияга өткөрүп берилгени айтылды.
Бишкекте 59 жаштагы эркек киши эки өспүрүмдү сүзүп кетти. Видео