Нарколог: антибиотик менен ичимдик аралашканда организм ууланат

Дарыгер антибиотик менен дарыланып жаткан учурда алкоголдон оолак болуу керектигин эскертет.
Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Антибиотик менен ичимдик аралашканда организм ууланат. Бул тууралуу нарколог Руслан Исаев "Известия" басылмасындагы маегинде билдирди.
Адистин айтымында, алкоголдук ичимдик биринчиден дарынын таасирин төмөндөтөт. Ал ошондой эле антибиотиктин белок же башка органикалык заттар менен аралашуусуна тоскоол болуп, организмден чыга турган заттарды кармап калат. Бул өз кезегинде аллергияга алып келет.

"Алкоголь да, антибиотик да боорго терс таасир берет. Кээ бир дарылар боордун спирттин бөлүктөргө ажыроосуна жардам берген затты бөлүп чыгарышын басаңдатат. Мындан улам адам шарап менен антибиотикти бир учурда ичсе организмде метаболиттер топтоло бериши мүмкүн", — деген дарыгер.

Ал ошондой эле спирттин денеден чыгышы да узакка созуларын кошумчалаган.
Исаев антибиотик ичкен маалда организм кыйналарын, ал эми ага алкоголь кошулса иммунитет алсырап, оору өрчүп кетиши мүмкүн экенин белгилеген.
"Ошондуктан антибиотиктин бир курсу (7-10 күн) бүтмөйүнчө алкоголдон баш тартыңыз", — деген адис.
Антибиотиктерди туура ичиңиз. Дарыгерлердин эскертүүсү