Тоң районунда 41 млн. сомдук жайыт жер мамлекетке кайтарылды

Аянты 21 гектар болгон жердин документтери жасалмаланып жеке менчикке өтүп кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Тоң районунда аянты 21 гектар жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, жер тилкенин баасы 40 миллион 950 миң сомду түзөт.

"Тоң райондук прокуратурасы Жер жөнүндө мыйзамдардын аткарылышына текшерүү жүргүзгөн. Жыйынтыгында Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясынын 1998-жылдагы токтому менен жердин документтери Ч.К. аттуу жаран тарабынан жасалмаланып 21 гектар аянттагы жайыт жер жеке менчикке чыгарылганы аныкталган", — деп жазылат кабарда.

Райондук прокуратуранын бул жердин документтерин жокко чыгаруу боюнча доо арызын сот канааттандырып, жайыт жер мамлекетке кайтарылганы кошумчаланды.
Равшан Жээнбековдун "Эдельвейс-Тур" эс алуу жайы мамлекетке кайтарылды. Сүрөт