БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Бундестагдын Коргоо комитетинин башчысы Мари Агнес Штрак-Циммерманн жабык комитеттин брифингинде Taurus ракеталары тууралуу жашыруун маалыматтын ЖМКга чыгып кетишинен улам иликтөө баштайт. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Буга чейин T-Online порталы Коргоо комитетинин жабык брифингинин угуучуларынын бирине шилтеме берип, Берлиндин Taurus ракеталарын Киевге берүүдөн баш тартуусу, бул куралдын натыйжалуулугу түздөн-түз атайын кошумча каражаттардан көз каранды экенин жазган. Ал эми андай аппараттарды Украинага жеткирүү Германиянын коопсуздук кызыкчылыктарына карама-каршы келери айтылган.
"Жабык жыйындагы маалымат сыртка чыгып кетпеши керек. Аны жасаган адамдын өздүгүн аныктайбыз деп ишенем", — деген Штрак-Циммерман Sueddeutsche Zeitung басылмасындагы маегинде.
Анын айтымында, окуя Бундестагдын башчысы Бербель Баска кабарланып, андан соң иш полицияга же прокуратурага өтөт.
Германиянын канцлери Олаф Шольц өткөн шаршембиде Киевге алыс аралыкка атуучу курал-жарак системаларын жеткирүүнү жокко чыгара турганын, аны колдонуу үчүн немец аскер кызматкерлери Украинада болбогон учурда дагы катышуусу талап кылынарын айткан. Шольц башкаруучу коалициянын айрым мүчөлөрүнүн жана оппозициялык жактын кысымына карабай Украинага Taurus ракеталарын жеткирүүгө каршы экендигин айтып келет.