БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Россиядагы президенттик шайлоодо добуш бергендердин саны бүтүндөй өлкө боюнча (электрондук добуш берүүнү эсепке алганда) 51,77 пайызды түздү. Бул тууралуу РФ БШКсынын төрагасынын орун басары Николай Балуев билдиргенин РИА Новости жазды.
Маалымат Москва убактысы боюнча саат 16:20га (Бишкек убактысы боюнча 19:20) карата берилген.
Белгилей кетсек, Россияда 15-мартта башталган шайлоо үч күнгө (15-16-17-март) созулмакчы. Президенттикке Владимир Путин, Леонид Слуцкий, Николай Харитонов жана Владислав Даванков талапкерлигин койгон.