Мэрия элди коомдук транспортто жол кире төлөөдөн качпоого чакырды

Контролерлор күн сайын башка бирөөнүн картасын колдонгон 15тей жүргүнчүнү аныктап жатканын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Бишкектеги муниципалдык автобустарда мыйзам бузуулар аныкталып жатканын мэриянын маалымат кызматы билдирип, жүргүнчүлөрдү жол кире төлөөдөн качпоого чакырды.
Мэриянын билдирүүсүнө ылайык, борбор шаардагы муниципалдык автобустарда 30 контролёр иштеп, жол кире акысын көзөмөлгө алышууда.
"Буга чейин да бузуулар аныкталган. Тактап айтканда, жүргүнчүлөр мурда колдонгон талонду жаңы талон катары өткөрүп берген учурлар бар. Мындан тышкары, башка адамдын жеке жеңилдетилген карталарын жана кызыл "Тулпар" карталарын мыйзамсыз колдонуп жүргөн 100дөн ашык жүргүнчү аныкталды. Ал карталар контролерлор тарабынан алынган", — деп жазылат маалыматта.
Мэриядан белгилешкендей, контролерлор күн сайын башка адамдардын картасын колдонуп жүргөн 15ке жакын жүргүнчүнү аныктайт.
Мэрия Бишкектин борбордук көчөлөрүнө өзгөчө режим киргизмекчи. Карта