Кыргызстан Минскиде өтүп жаткан эл аралык китеп жарманкесине катышууда

Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Кыргызстан Минск шаарында өтүп жаткан эл аралык китеп жарманкесине катышууда. Бул тууралуу Беларустагы өлкө элчилигинен билдиришти.
Дипломатиялык өкүлчүлүк "Манас" үчилтигин, атагы дүйнөгө тараган жазуучу Чыңгыз Айтматовдун китептерин, президент Садыр Жапаровдун "Жаңы Кыргызстанды куруунун багыты" аттуу китебин жана башкаларды алып чыккан.
Конокторго Кыргызстан жана анын туристтик дарамети тууралуу тасма көрсөтүлдү.
Кыргызстандык кыз легендарлуу Переделкино жазуучулар үйүнүн резиденти болду