Россия президентин шайлоо

КМШ ПАА: Россияда президенттик шайлоо жогорку деңгээлде уюштурулган

Россияда 15-мартта башталган президенттик шайлоо үч күнгө (15-16-17-март) созулмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Россияда президенттик шайлоо жогорку деңгээлде уюштурулган. Бул тууралуу КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынан байкоочу катары барган топтун координатору Михаил Русый билдиргенин РИА Новости жазды.
"Бардык уюштуруу иштери жогорку деңгээлде жасалган. Ар бир жаран оюн эркин билдирүүдө. Мунун баарын каттап жатабыз", — деген Русый.
Ал КМШ ПААдан эң көп байкоочу барганын кошумчалаган.
"Бизде 22 мамлекеттен 60 мүчө шайлоого байкоо жүргүзүүдө", — деген Русый.
Белгилей кетсек, Россияда 15-мартта башталган президенттик шайлоо үч күнгө (15-16-17-март) созулмакчы. Президенттикке Владимир Путин, Леонид Слуцкий, Николай Харитонов жана Владислав Даванков талапкерлигин койгон.
Россия президентин шайлоо
Путин РФ президентин шайлоодо онлайн добуш берди. Видео