Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

БУУнун Коопсуздук кеңешинде Украинага жеткирилген куралдар боюнча жыйын өтөт

Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Киев режимине курал бергендердин бири да жоопкерчиликтен качып кутулбашы керек, маселе Россиянын талабы боюнча 22-мартта өтө турган БУУнун Коопсуздук кеңешинде каралат. Бул тууралуу РФтин БУУдагы өкүлүнүн орун басары Дмитрий Полянский билдиргенин РИА Новости жазды.
"Киевдик диктаторго өлүмгө алып келген курал-жарак бергендердин бири да жазасыз калбашы керек. Биз бул тууралуу 22-мартта Батыштын куралдарынын Украинага жеткирилиши боюнча жолугушууда кененирээк сүйлөшөбүз", — деген Полянский Коопсуздук кеңештин жыйынында.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Полянский Зеленскийдин сапары маалында Одессага коюлган чабуул боюнча үн катты