БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Россиянын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Мария Захарова Батыш Россияда президенттик шайлоо жүрүп жаткан участкаларда адамдарды "экстремизмге" үндөп жатканын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Белгилей кетсек, РФтеги президенттик шайлоодо бюллетендер салынган урнага зеленка куюп ийген бир нече учур катталды. Кармалгандар чет өлкөдөн келген акча үчүн ушундай кадамга барышканын билдирген. Айтымдарында, аларга 100 миң рубль убадаланган.
"Бүгүн (Батыш өлкөлөрү – ред.) экстремисттик аракеттерге өтүштү... Алар менен ачыктан-ачык кандайдыр бир байланышы бар адамдарды шайлоо участкаларында экстремисттик аракеттерди жасоого тукуруп жатышат", — деди Захарова.
Ал өз өлкөлөрү менен Россиянын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө тийиш болгон Москвадагы батыш дипломаттары добуш берүүгө тоскоолдук жаратуу үчүн бардыгын жасай башташканын белгиледи.
"Алар шайлоодон шайлоого чейин, шайлоо күндөрү дагы бул шайлоону үзгүлтүккө учуратуу боюнча канчалаган материалдарды жайылтып жатканын карап коюңуздар", — деди Захарова.
Белгилей кетсек, Россияда 15-мартта башталган шайлоо үч күнгө (15-16-17-март) созулмакчы. Президенттикке Владимир Путин, Леонид Слуцкий, Николай Харитонов жана Владислав Даванков талапкерлигин койгон.