Оштогу Ак-Буура дарыясынын жээгине 300 көчөт мажүрүм тал отургузулду. Сүрөт

Быйыл шаар боюнча 300 миңге жакын көчөт отургузуу пландалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын жээгине калаанын символу болгон мажүрүм талдын көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу шаардын мэриясы билдирди.
1 / 4

Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын жээгине калаанын символу болгон мажүрүм талдын көчөттөрү отургузулду

2 / 4

Дарыянын жээгине жалпысынан 300гө жакын көчөт отургузулган

3 / 4

Мэрия ошондой эле "Бир жарандан – бир дарак" аттуу жалпы шаардык акциясын башталганын эскертип, калаа тургундарын Ошту көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга активдүү катышууга чакырды

4 / 4

2024-жылы шаарга 300 миңге жакын бак-дарак отургузуу пландалууда

Дарыянын жээгине жалпысынан 300гө жакын көчөт отургузулган.
Мэрия ошондой эле "Бир жарандан – бир дарак" аттуу жалпы шаардык акциянын башталганын эскертип, калаа тургундарын Ошту көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга активдүү катышууга чакырды.
2024-жылы шаарга 300 миңге жакын бак-дарак отургузуу пландалууда.
Ош шаарына жаңы аймактар кошулуп, кээ биринин аталышы өзгөрдү