17-мартка карата аба ырайы

Тоолуу райондордо, ашууларда кар көчкү түшүү кооптуулугу бар. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Жекшембиде республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө 12...17, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 13...18, Талас жергесинде 7...12, Ысык-Көл чөлкөмүндө 3...8, Нарын аймагында -1...4 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек шаарында 15...17 жана Ош калаасында 16...18 градуска чейин жетет.
Кадыр түн качан болору айтылды