Радио

Эксперт: жасалма жер семирткичтер келе баштады

Агроэксперт Илич Марсбек уулу заводдон чыккан калдыктарды сырттан алып келип жер семирткич катары алдап саткандар көбөйгөнүн айтты.
Sputnik
Казакстандан алып келинген амафосту текшергенде 46 пайыздын ордуна 8 гана пайыз фосфор чыккан. Бул тууралуу Илич Марсбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жер семирткич алганда сөзсүз сертификат талап кылуу керек. Бул абдан актуалдуу.
"Топуракка эмне жетишпей жатканын билбей эле дары себе берсе күткөндөй түшүм ала албайбыз. Экинчиден, нормадан көп бергенде топурактын структурасына да зыян келет. Ошол сыңары эле жерге үстөккө-босток азот бере бергенде шордуулук көбөйүп, кычкылданат. Жер семирткич менен азыктандырбай эле түшүм алууну каалагандар бар. Бул аз келгенсип, жасалма жер семирткичтер да пайда болду. Жакында эле Нарынга Казакстандан амафос алып келинип, лабораториядан текшерсе 8 пайыз гана фосфор чыгыптыр. Негизи 46 пайыз болушу керек. Ошондо 3,5 эсеге аз чыгып жатат. Мунун түбүн изилдеп көрсөк, заводдон чыккан калдыктарды жакшынакай мүшөктөргө салып, бизге сатып жатышкан экен. Аларды Россиянын өндүрүшүнө таандык ар кандай каптарга салып, дыйкандарды алдашат. Бир кап алган учурда да заводдун сертификатын талап кылуу керек. Жасалма жер семирткичтердин кесепети күзүндө билинет. Дыйкандарды чыгымга учуратат", — деди эксперт.
Ал жер семирткичтерди туура колдонбогондуктан өлкө аймагында шор баскан жерлер көбөйүп кеткенин кошумчалады.