"Унаа" мекемесинин дагы үч бөлүмү дем алышсыз иштейт. Даректери

Эми иш күнү унаасын каттатууга жетишпегендер дем алыш күнү дагы барса болот.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Бишкекте жана Чүйдө "Унаа" мамлекеттик мекемесинин дагы үч бөлүмү дем алышсыз иштейт. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Мындай аракет иш күндөрү унаасын каттатууга келе албагандарга шарт түзүү үчүн жасалууда.
Даректери:
Аламүдүн бөлүмү (Бишкек, Элебесов көчөсү)
Таш-Дөбө сектору (Таш-Дөбө айылы, Больничная көчөсү, 41)
Сокулук-Москва бөлүмү (Шопоков шаары, Машиностроительная көчөсү, 26)
Унаа онлайн кайра каттоодон өткөндөн кийин техпаспортту үйгө жеткирүү пландалууда