Орду толгус жоготуу. Бийликтин Талгарбек Жакшылыковго жазылган некрологу

Маркум 2007-жылдан бери Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында жеке ырдоо кафедрасында окутуучу катары эмгектенип келген болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Кыргыз Республикасынын эл артисти, чыгаан опера ырчысы, Абдылас Малдыбаев атындагы эл аралык музыкалык сыйлыктын лауреаты, доцент Талгарбек Жакшылыковдун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу президент Садыр Жапаровдун жана мамлекеттик ишмерлердин атынан некролог жарыяланды.
Жакшылыков оорудан улам кечээ, 14-мартта, көз жумган.
"Кесипкөйлүгү, талыкпаган эмгеги жана искусствого болгон жан аябас кызматы үчүн бүткүл элдик баалоого жана сүйүүгө татыктуу болгон", — деп айтылат некрологдо.
Талгарбек Жакшылыков 1964-жылы 23-октябрда Казак ССРинин Алматы облусунун Балкаш районундагы Куйган айылында төрөлгөн.
Некрологдо анын чет элдик жана кыргыз композиторлорунун операларында кырктан ашуун партияда ырдаганы айтылат. Опера ырчысы каныккан, кооз үн тембри менен эң татаал партиялардын бөлүктөрүн аткара алган: Рамфис (Дж. Верди, "Аида"), Гремин (П. Чайковский, "Евгений Онегин"), Бартоло жана Дон Базилио (Дж. Россини, "Севильский цирюльник"), Хан Кончак (А. Бородин, "Игорь Князь"). Мындан сырткары, улуттук репертуардагы спектаклдерде да ийгиликтүү ойногон, алардын ичинде В. Власов, А. Малдыбаев жана В. Ференин "Айчүрөк" жана "Манас" операларындагы Бакай, Чынкожо жана Коңурбайдын партияларын, Н. Давлесовдун "Курманбек" операсындагы татаал, драмалык жактан бай Тейитбектин партиясын бөлүп көрсөтсө болот.
Талгарбек Жакшылыков Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында жеке ырдоо кафедрасынын окутуучусунан тартып кафедра башчысы, доценттик кызмат орундарына чейин көтөрүлүп, өзүнүн кесипкөйлүгүн опера искусствосунда гана көрсөтүү менен чектелбестен, мугалим катары жаш муундарга өзүнүн билимин, тарбиясын жана тажрыйбасын бере алган.
Талгарбек Жакшылыковдун маданиятка кошкон салымы мамлекет тарабынан бааланып, 1995-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, 2003-жылы Кыргыз Республикасынын эл артисти наамдары ыйгарылса, 2006-жылы А. Малдыбаев атындагы эл аралык музыкалык сыйлыктын ээси болгон.
Жаштайынан өзгөчө үнү менен айырмаланып турган Талгарбек Жакшылыков 1986-1988-жылдары Ыбырай Туманов атындагы Каракол мамлекеттик музыкалык окуу жайында алгачкы музыкалык билим алган.
1988-1993-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда жеке ырдоо, опера жана концерт ырчысы, педагог адистиги боюнча Кыргыз Республикасынын эл артисттери Марлен Темирбеков жана Владимир Муковниковдун жетекчилиги астында билимин уланткан.
1998-жылы ырчынын көптөн берки кыялы орундалып, "XXI кылымдын кадрлары" президенттик программасынын алкагында Италияга эки жылдык стажировкага жөнөтүлгөн. Ырчы операда ырдоо өнөрүн атактуу вокал педагогу Марио Меланинин классында сабак алган.
Эмгек жолун алгач 1988-жылы студент кезинде Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын хорунун артисти катары сахнага чыгып баштаган.
1992-2019-жылдары театрдын жетектөөчү солисти болуп иштесе, 2005-2007-жылдары театрдын опера труппасынын инспектору кызматын айкалыштырып иштеген.
2007-жылдан өмүрүнүн аягына чейин Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында жеке ырдоо кафедрасында окутуучу катары эмгектенген.
Азия MIX командасынын жылдызы Марат Жуманалиевди акыркы сапарга узатышты. Видео