Радио

Тайганчылык өнөрдү ЮНЕСКОго каттоо иши жакындап калды

Салбуурун федерациясынын ага машыктыруучусу Нурлан Молдакунов өлкөдө тайганчылык өнөрүн жайылтуу, кыргыз тайганын сактап, кийинки муунга өткөрүп берүүдө бир топ иштер жасалып жатканын айтты.
Sputnik
Тайганчылык өнөрдү ЮНЕСКОнун тизмесине каттоо иши жыйынтыкталып калды. Бул өнөрдүн тарыхын, азыркысын чагылдырган 9 мүнөттүк видеоролик даярдап, комиссияга тапшыруу иши калгандыгын Нурлан Молдакунов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, улуттук оюндарды, спортту өнүктүрүүгө мамлекет көңүл бурса тайган баккандардын саны дагы өсөт.

"Тайганчылык өнөрдү өркүндөтүү максатында бүгүнкү күндө Салбуурун федерация бир катар иш-чараларды Дене тарбия жана спорт департаментинин Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын колдоосу менен өткөрүп келет. Учурда ата мурасын аздектеп, тайган кармап келгендердин саны өтө көп эмес. Кирешелүү болбогондуктан мындай ишти баары эле кыла бербейт. Мындан 15 жылдай мурда бул өнөрдү жоготуп албайбызбы деген маселе турган. Бактыга жараша, колдоо көсөтүлүп, анын натыйжасында бүгүнкү абалыбыз жакшы. Акыркы жылдары тайганчылыкты таанытуу, жайылтуу максатында ЮНЕСКОго каттоо аракети болуп келет, акыркы этаптарына келип калдык. Өнөрдүн тарыхын, азыркысын чагылдырган 9 мүнөттүк видеоролик даярдап, комиссияга тапшыруу керек. Бул процесс дагы бир жылдай убакытты алат", — деди Молдакунов.

Ошондой эле адис тайган жарыштарын көрүүгө жана аңчылыкка кызыккан чет өлкөлүк туристтердин саны жылдан-жылга көбөйүп жатканын кошумчалады.