Россия президентин шайлоо

Россиялыктар президенттик шайлоодо добуш берип жатышат. Видео

Россияда президенттик шайлоо үч күн — 15-17-мартта өтөт. Саясий жарышка төрт талапкер катышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Россияда бүгүн президенттик шайлоонун биринчи күнү башталып, шайлоо тилкелерине келген мамлекеттик кызматкерлер, жөнөкөй эл добуш берип жатат.
Москванын борборунда жайгашкан шайлоо тилкелеринин бирине РФтин тышкы иштер министри Сергей Лавров келип добушун берди.
Коргоо министри Сергей Шойгу жана Башкы штабдын жетекчиси Валерий Герасимов Түштүк аскердик округда өздөрүнүн талапкерин тандашты.
Крым Республикасынын башчысы Сергей Аксенов да өзүнүн добушун берди.
"Шайлоого келип добуш берүү менен өлкөбүздүн өнүгүшүнө, коопсуздуктун сакталышына салым кошуп, атайын операциянын катышуучуларын колдоп жатабыз", — деген Крымдын жетекчиси.
Россияга кошулганына көп мезгил өтө элек Херсон облусунун жетекчиси Владимир Сальдо да өзүнүн жарандык милдетин аткарып, шайлоого келген.
Ал Каховкада, Жаңы Каховкада, Геническиде эл добуш берип жаткандыгын, эртелеп келгендер да болгонун белгилеген. Бул Херсон облусунун калкынын шайлоону, ушул күндү күтүп даярдангандыгынан кабар берерин айткан. Аталган аймактын эли Россиянын президентин шайлоодо биринчи ирет добуш берип жатышканын билдирген.
Донецк Элдик Республикасынын башчысы Денис Пушилин да добушун берип, башкаларды да өзүнүн тандоосун жасоого чакырган.
"Кымбаттуу жердештерим, кубаттуу Россия, адилеттүүлүк, эртеңки ишенимдүү күн үчүн добушуңарды сөзсүз бергиле", — деген ал.
Луганск Элдик Республикасынын башчысы Леонид Пасечник аймактагы добуш берүү участогунда өзүнүн жарандык милдетин аткарган.
Ал луганскиликтерди мамлекеттин лидерин шайлоого биринчи ирет катышып жаткан маанилүү окуя менен куттуктаган.
"Россия менен биргеликте өлкөнүн келечегин тандайбыз. Ар бир тургунду өнүгүү, кубаттуулук жана көз карандысыздык үчүн добуш берүүгө чакырам", — деген Пасечник.
Карапайым элдин арасынан добуш берүүгө өзгөчөлөнүп келгендер бар экенин байкоого болот.
Маселен, Великий Новгород шаарындагы добуш берүү тилкесине келген князь "Александр Невский" тандоосун жасап, бюллетенди урнага салып, аны тарс эткизе чаап чыгып кеткен.
Эске салсак, Россияда президенттик шайлоо үч күн — 15-17-мартта өтөт. Мамлекеттин башчылыгына Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан катталган Леонид Слуцкий, Николай Харитонов, Владислав Даванков жана Владимир Путин ат салышууда.
Россия президентин шайлоо
Россиядагы президенттик шайлоодо 1,6 миллион адам онлайн добуш берди