Равшан Жээнбековдун "Эдельвейс-Тур" эс алуу жайы мамлекетке кайтарылды. Сүрөт

Эс алуу жайы Талас облусунун Киров суу сактагычынын жээгиндеги 4 гектар жерде жайгашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Саясатчы Равшан Жээнбековдун "Эдельвейс-Тур" эс алуу жайы мамлекетке ыктыярдуу түрдө кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Саясатчы Равшан Жээнбековдун "Эдельвейс-Тур" эс алуу жайы мамлекетке ыктыярдуу түрдө кайтарылды

2 / 2

Билдирмеге караганда, ал Талас облусунун Киров суу сактагычынын жээгиндеги 4 гектар жерде жайгашкан

Билдирмеге караганда, ал Талас облусунун Киров суу сактагычынын жээгиндеги 4 гектар жерде жайгашкан.
"Баалоо экспертизасынын корутундусуна ылайык, жеңил конструкциядагы административдик имараттары бар жер тилкесинин баасы 16 миллион 871 миң сомду түзөт. Бул жерди 2000-жылдары Равшан Жээнбеков Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси болуп турганда аффилирленген жактарга мыйзамсыз каттатып койгон", — деп жазылат кабарда.
Эске салсак, Равшан Жээнбеков Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы пикирин билдирип камалган.
Равшан Жээнбековдун аялы 1,4 млрд. сомго жерди берип жиберген деп шектелүүдө