Россия президентин шайлоо

Шайлоону үзгүлтүккө учуратуу. Путин Киевдин чабуулдарынын максатын айтты

Россияда ушу тапта президенттик шайлоо өтүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жыйын куруп жатып Киев режиминин РФ аймактарына чабуул жасоо аракеттерин акылга сыйгыс жана кылмыштуу кадам деп атады.
Өлкө башчы Россиянын чет жакасына бир катар диверсиялык-террордук чабуул жасалганын, мунун баары президенттик шайлоону үзгүлтүккө учуратуу максатын көздөй турганын белгилеген.
"Кимди коркуткусу бар? Орус элинби? Россиянын көп улуттуу калкынбы? Эч убакта мындай болгон эмес, болбойт дагы", — деди Путин.
РФ лидери каршылаш тарап акыркы чабуулунда 2,5 миңден ашуун аскер, 35 танк, 40ка чукул сооттолгон автоунаа колдонгонун белгиледи. Путиндин айтымында, душмандын мизи бардык жерде майтарылып, өздүк курамдын 60 пайызын жоготуп, техниканын жарымынан кол жууган.
"Элибиз азыркыдан да бекем бир муштумга түйүлүп жооп берерине ишенем", — деди мамлекет жетекчиси.
Путин: Россиянын өзөктүк дарамети башкалардыкына салыштырмалуу күчтүү