Россия президентин шайлоо

Москвада шайлоонун биринчи күнү соңуна чыгып, участоктор жабылды

Жалпысынан өлкө боюнча шайлоого катышкандар 30 пайызды түзгөнү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Москвада Россиянын президентин шайлоодо добуш берүүнүн алгачкы күнү соңуна чыгып, участоктор жабылды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
15-мартта башталган добуш берүү үч күнгө созулуп, негизги күн 17-март болмокчу. Москва шаарында 2 200 добуш берүү участогу иштөөдө. Алар күн сайын 08:00дөн 20:00гө чейин ачык.
Участоктор ооруканалардан тарта абактарга чейин коюлган, 17-мартта үй-жайы жокторго да добуш берүү уюштурулат.
Салттуу түрдө бюллетень менен талапкер тандоодон сырткары, аралыктан добуш берүү да каралган.
Жалпысынан өлкө боюнча шайлоого катышкандар 30 пайызды түзгөнү айтылды.
Россия президентин шайлоо
Путин РФ президентин шайлоодо онлайн добуш берди. Видео