Өкмөт мектептерди акырындык менен 12 жылдык окууга өткөрүү чечимин кабыл алды

Мектепке чейинки даярдоого баргандар эми 1-класс болуп эсептелинет.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Министрлер кабинети мектептерди акырындык менен 12 жылдык окууга өткөрүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Кечээ билим берүү министри 12 жылдык окууда мектептеги окуу узартылбай турганын, азыркы нөлүнчү класстар биринчи класс болуп саналарын билдирген.
"12 жылдык билим берүүгө өтүү менен 5-6 жаштагы балдар 100 пайыз милдеттүү түрдө мектепте билим алышат. Мектепке чейинки даярдоо программасынан өтүп келген мугалимдер квалификациясын жогорулатып, 1-класстарды окутууну улантышат", — деп айтылат өкмөттүн билдирүүсүндө.
Учурда мектептерде мектепке чейинки даярдоо үчүн 4048ден ашык класс уюштурулганы белгиленди.
Мектептерде сабак учурунда телефон колдонууга тыюу салынышы мүмкүн