БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Ушул жылдын январь айында Кыргызстанга сырттан 13 670 автоунаа алынып келгенин Улуттук статистика комитетинен кабарлашты.
Темир тулпарлар 34 мамлекеттен импорттолгон. Анын ичинен эң көбү Кытайдан (8,2 миң) жана Түштүк Кореядан (дээрлик 2,9 миң) ташылган.
Былтыркы жылдын январь айы менен салыштырсак, анда 6,2 миңден ашык автокөлүк киргизилген.
Автоунааларды импорттоо боюнча Улуттук статистика комитетинин маалыматы (2018-жылдан бери алганда):
2018 — 3 835;
2019 — 18 527;
2020 — 25 629;
2021 — 13 116;
2022 — 41 237;
2023 — 184 789.
Сандар көрсөтүп тургандай, былтыр автоунаа импорту боюнча рекорд коюлган. Белгилей кетсек, ушул жылдын январь айында Кыргызстанга 2021-жылга салыштырмалуу 554 темир тулпар кирген. Ал эми 2018-жылга салыштырмалуу 3,5 эсе көп ташып келинген.