Өлкөдө байланыш операторлорунун абоненттери жаңы эреже менен каттала баштайт

Жаңы тартип 26-марттан тарта күчүнө кирет.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Кыргызстанда бардык байланыш операторлорунун абоненттери жаңы эреже менен катталмакчы. Бул тууралуу министрлер кабинетинин токтомунда айтылат.
Ага ылайык, мындан ары SIM-карта сатып алган кыргызстандыктар аны онлайн-режимде өзүнүн атына каттоосу зарыл. Муну мобилдик оператордун тиркемеси аркылуу өз алдынча жасоого болот, болгону паспорт керектелет. Бул тартип 26-марттан тарта күчүнө кирет.
2024-жылдын 1-апрелинен тарта сатылган SIM-карталарда кызматтар чектелүү болуп турат да, толугу менен онлайн-каттоодон өткөн соң бардык функциялар жеткиликтүү болот.
Бийлик мындай чара жеке маалыматтын коопсуздугун сактоо үчүн кабыл алынгандыгын билдирди. Себеби учурда телефондогу номерге электрондук капчыктар, банк карталары, соцтармактагы аккаунттар жана башкалар байланган.
Mega уюлдук оператору сатылды