БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Улуттук курултайдын жыйынында өлкөнүн гербин өзгөртүүнү сунуштады. Ал азыркы гербдин маанисин түшүнүү кыйын деген нааразычылыктар бар экенин белгилеген.
Токаев Казакстандын желеги менен гимнин жогору баалаган.
"Гербге келсек, "Казакстандын гербинин кабыл алынышы өтө кыйын, анда эклектизм жана совет доорунун белгилери бар" деген адистердин, жарандардын, жаштардын жүйөлүү аргументтери бар, аны эске алуу керек деп ойлойм", — деген Токаев.
Президенттин айтымында, эгер эл макул болсо бардык аспектилерди карап, коомдук талкууларды өткөрө турган атайын комиссия түзүүгө болот. Андан соң Казакстандын жаңы гербинин эң мыкты эскизине ачык сынак жарыяланат.