Россия президентин шайлоо

Россиядагы президенттик шайлоодо добуш бергендердин саны 20%дан ашты

Бүгүн башталган шайлоо 17-марта соңуна чыгат.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Россиядагы президенттик шайлоодо добуш бергендердин саны Москва убактысы менен саат 15:32ге карата (Бишкек сааты менен 18.32) 20,23 пайызды түзгөнүн РИА Новости өлкөнүн БШКсына таянуу менен кабарлады.
Президенттик шайлоо үч күнгө — 15-17-мартка белгиленген.
Мамлекет башчылыгына Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан катталган Леонид Слуцкий, Николай Харитонов, Владислав Даванков жана Владимир Путин ат салышууда.
Россия президентин шайлоо
Россиялыктар президенттик шайлоодо добуш берип жатышат. Видео