Быйыл Чүйдүн 46 гектар кайрак жери өздөштүрүлүп, жүзүм тигилет

Мындай ыкма өлкөнүн экспорттук дараметин жогорулатууга жардам берет.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Быйыл Чүй облусунун 46 гектар кайрак жери өздөштүрүлүп, жүзүм тигилет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган жердин 38 гектары Кемин районунун Чым-Коргон, 8 гектары Чүй районунун Искра айылдарында жайгашкан.
Министрлик учурда республика боюнча иштетилбей бош жаткан жерлерди өздөштүрүү, аймактардагы климаттын өзгөчөлүгүнө карап өсүмдүктөрдү тигүү программасы иштелип жатканын айтты.

"Кимдер кооператив түзсө, мамлекеттин балансындагы өздөштүрүлбөй бош жаткан кунарсыз, кайрак жерлерди берип, аны иштетүүгө арзан насыя жана тамчылатып сугаруу системасын орнотуп берүү жагын пландаштырып жатабыз. Натыйжада өндүрүлгөн айыл чарба продукциясынын көлөмү артат, сапаты жогорулайт, дыйкандар дагы кирешеге чыгышат", — деп айтылат маалыматта.

Радио
Быйыл өлкөдө айдоо аянты төрт миң гектарга көбөйүүдө