Бишкекке курула турган жаңы стадиондун эскизи даяр болду

45 миң адамга эсептелген спорт аянтчасынын курулушу жакынкы күндөрү башталат.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Кыргызстандын президентинин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Бишкектеги жаңы стадион кандай болорун көрсөттү.
1 / 3

Кыргызстандын президентинин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Бишкектеги жаңы стадион кандай болорун көрсөттү

2 / 3

Анын айтымында, эскиздер улуттук баалуулуктарды эске алуу менен иштелип чыккан, стадион кыргыз боз үйүн элестетет

3 / 3

Мүлк жетекчилеринин айтымында, курулуш иштери жакынкы күндөрү башталат. Процессти Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы, Кыргызстандын Футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев өз көзөмөлүнө алды.

Анын айтымында, эскиздер улуттук баалуулуктарды эске алуу менен иштелип чыккан, стадион кыргыз боз үйүн элестетет. Мүлк жетекчилеринин айтымында, курулуш иштери жакынкы күндөрү башталат. Процессти Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы, Кыргызстандын Футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев өз көзөмөлүнө алды.
Арена 45 миң кишиге ылайыкташкан. Долбоор чет элдик компания менен биргеликте ишке ашырылган.
Кыргызстандын футбол боюнча командасы "жашыруун" машыгат. Чоо-жайы