Азия MIX командасынын жылдызы Марат Жуманалиевди акыркы сапарга узатышты. Видео

Таланттуу кыргызстандык менен коштошууга миңден ашык адам келди.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Азия MIX командасынын мурдагы оюнчусу Марат Жуманалиев (Маратик) менен коштошуу борбор калаадагы мечиттердин биринде болду.
Аны менен коштошууга миңден ашык адам келди.
Эске салсак, ал 14-мартта 43 жашында көз жумган.
Жуманалиев 1981-жылы 8-майда Аламүдүн районунда төрөлгөн. Маектеринде бою 10-класста эле 195 сантиметр болгонун, кийин 2 метр 12 сантиметрге жеткенин айткан.
1 / 2

Азия Mix командасынын мурдагы оюнчусу Марат Жуманалиев (Маратик) менен коштошуу борбор калаадагы мечиттердин биринде болду

2 / 2

Марат Жуманалиев менен коштошууга миңден ашык адам келди

Марат спорттун дээрлик бардык түрү менен алектенген. Кезинде белгилүү рэп ырчысы Тиматиге жан сакчы болуп, Николай Валуев жана Владимир Кличко менен спаррингге чыккан. Ал маектеринин биринде КВНде ойноп калам деп эч качан ойлобогондугун айтып берген. Командалашы Элдияр Кененсаров анын боюн Азия MIX командасынын "фишкасы" кыла алган.
Маратик Кыргызстанда жашаган дагестандык кызга үйлөнүп, төрт уул, бир кыздуу болушкан. Соңку жылдары кайрымдуулук менен алектенип, турмуштук сыноого кабылган балдарга боор тартып келген.
АКШда каза болгон эки кыргызстандыктын сөөгү мекенине алып келинди