Айыл чарба министринин үч орун басары алмашты. Жаңы дайындалгандар

Аткаминерлер. Архив
Тиешелүү тескемеге минкаб төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин үч орун басары алмашканын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Өкмөт башчы Акылбек Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Мурат Раматов министрдин биринчи орун басары кызматынан бошотулуп, ордуна Кубат Касейинов келди. Ал эми Маил Алияскаровдун ордуна Мирбек Дүйшеев дайындалды. Санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Айнура Туйбаеванын ордуна Асел Кененбаева келгени кошумчаланды.
Ошондой эле Алмазбек Сокеев министрдин орун басары жана Суу ресурстары кызматынын директору болуп дайындалган.
Портфельчен киши. Архив
Уланбек Далиев президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү болуп дайындалды