Кыргызстан абаны жакшыртуу багытында 50 млн. доллар насыя алууда

Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңеш абаны жакшыртуу багытында 50 миллион доллар насыя алуу боюнча келишимди биринчи окууда ратификациядан өткөрдү.
Каражат Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан пайызы жок 50 жылдык мөөнөткө алынат.
Макулдашуунун максаты абанын сапатын жакшыртуу жаатында өлкөнүн потенциалын чыңдоо, турак үйлөрдү таза экологиялык каражаттар менен жылытуу боюнча чечимдерди жана Бишкек шаарын жашылдандыруу боюнча чараларды илгерилетүү болуп саналат.
Долбоордун алкагында абанын булганышын, топурак, суу, күйүүчү майдын сапатын аныктай турган лаборатория салынат. Бишкекке абанын өзгөрүп жатканын аныктоочу автоматташтырылган 11 станция, датчиктер коюлат. Шаарды жашылдандыруу үчүн ирригациялык системалар оңдолуп, 20 жерден сууну бургулоочу скважина ишке кирет.
Кыргызстан инфекциялык оорукананы жакшыртуу үчүн Кореядан 27 млн. доллар алат