Жапаров: митингге чыккандарга жооп катуу болот, башынан сылап отурбайбыз

Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Мурдагыдай уурдап эле жашаган заманыбыз жакшы экен деп митингге чыккандарды башынан сылап отурбайбыз, жооп катуу болот деди президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген интервьюсунда.
Журналист нааразылык акциялары боюнча кеп болуп жатканын белгилеп, Орозо айы бүткөндө өлкө митингдердин кучагында калбайбы деген суроо узаткан.
Президент митингдерден коркпостугун, учурда командасы менен "кара жанын карч уруп иштеп жаткандыгын" айткан.

"Жеке кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн митингге чыккандарды көрүп качып же жашынып отуруп алчу мен эмесмин. Эгер мамлекетти тоноп, жакындарымды майлуу жерге коюп, өлкөнү кризистин сазына батырып жатсам корксом болот эле. Тескерисинче, командам менен күн-түн дебей, кара жаныбызды карч уруп иштеп жатабыз. Кекиртегинен сазга баткан мамлекетти эми араң саздан сууруп чыктык", — деген Жапаров.

Нааразылык акцияларга чыккандарды "башынан сылап отурбайбыз" деп эскерткен.
"Азыркыдай өнүгүүнү бул жакка коёлу, 2020-жылы эле чет жактардан кредит алып, эмгек акы менен пенсия, пособиелерди жаап калган акыбалга келип калбадык беле. Сырткы карыздан кантип кутулабыз деген курч көйгөйдү эле талкуулап калбадык беле. Же эс тутумубуз ушунча кыскабы? Эгер мурдагыдай уурдап эле жашаган заманыбыз жакшы экен деп митингге чыккандар болсо башынан сылап отурбайбыз. Жооп катуу болот. Анткени "наше дело правое", — деген Жапаров.
Мамлекет башчы элдин көпчүлүк бөлүгү аларды (бийликти – ред.) колдой турганын, андыктан көпчүлүккө баш ийиш керектигин кошумчалаган.
Садыр Жапаров Балыкчыга барып Кызыл-Омпол кенин иштетүүнү талкуулады