"Сосновка", "Арал" постторунда жана Өтмөктө жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. "Сосновка", "Арал" постторунда жана Таластын Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы (ЖКККББ) билдирди.
Буга аба ырайы өзгөрүп, кар жаашы себеп болгон.
ЖКККББ алыскы жолго чыккан айдоочулардан аралыкты сактап, ылдамдыкты азайтып, бардык коопсуздук эрежелерин так сактоону өтүнөт.
Күн кескин сууктайт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты