Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Столтенберг: Украинага курал жеткирүү үчүн НАТОго саясий эрк керек

Башкы катчы коргонууга багытталган өнөр жайга көп инвестиция салуу керектигин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг уюмга кирген мамлекеттер Украинага жетиштүү курал жеткире алат деп эсептейт, болгону бул үчүн саясий эрк керек. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Столтенберг мындай пикирин уюмдун ишмердүүлүгү боюнча жыл сайын отчет берген маалымат жыйында айткан.

"Украиналыктарга зарыл болгон курал-жарактын баарын берүүгө кубатыбыз, экономикалык мүмкүнчүлүгүбүз жетет. Мында маселе саясий эркте турат, чечим кабыл алып, Украинага жардам берүүнү башкы максат кылуу кажет. Ошондуктан коргонуу багытындагы өнөр жайга көбүрөөк инвестиция салып, биздин өкмөттөр өндүрүшчүлөр менен келишим түзө тургандай кылышыбыз керек", — деген Столтенберг.

Буга чейин Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров Украинаны куралдандыруу максатында жөнөтүлгөн жүктүн кандай гана түрү болбосун Москва үчүн мыйзамдуу бута болорун эскерткен. Мындай кадамдарды жасаган НАТО от менен ойноп жаткандыгын кошумчалаган.
Лавровдун айтымында, АКШ менен НАТО согушка түздөн-түз катышкандан тышкары, Улуу Британия, Германия, Италия жана башка өлкөлөрдө кадрларды даярдоо менен да алектенип жатышат. Кремль Батыштын Украинаны куралдандыруусу эки өлкөнүн кепке келүүсүн шарттабай, тескери жыйынтыкка алып келерин эскертип келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Франциянын экс-премьери НАТО Украинага аскерлерин жөнөтсө эмне болорун айтты