БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Мурдагы айыл чарба министри Эркинбек Чодуев кармалганын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Чодуев "Лиматекс пахта корпорациясы" ЖЧКсынын аткаруучу директору болуп турганда компаниянын Ош жана Жалал-Абад облустарындагы жалпы аянты 50 гектардан ашык жерин мыйзамсыз менчиктештирип, жеке жактарга сатып жибергени аныкталган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, келтирилген зыян 500 миллион сом деп бааланууда. Мындан улам Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3- пункту ("Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу") боюнча иш козголуп, мурдагы аткаминер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени кошумчаланды.
Азыр аталган коррупциялык ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу иштери жүрүп жатат.