Чүнчүп кетишти. Медиктерге кол көтөргөндөрдү 5 жылга чейин камоо сунушталды

Авторлордун бири 2023-жылы эле ар кандай себеп менен 2 125 ак халатчан кызматын тапшырганын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Медиктерди келекелеп, аларга кол көтөргөндөрдү 5 жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталды.
Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары: Мирлан Самыйкожо, Жылдыз Садырбаева, Акылбек Түмөнбаев, Жанар Акаев жана Нилуфар Алимжанова демилгелеген.
Акаев мидицина кызматкерлерине кол көтөргөн соңку окуяларды эске салып, 2023-жылы эле ар кандай себеп менен 2 125 ак халатчан кызматын тапшырганын айтты.

"Дарыгерлерибизди карабай таштап салдык, чүнчүп кетти. Баарыбыз биригип медиктерди коргойлу. Элде дарыгерлерди ур-токмокко алса болот экен деген түшүнүк пайда боло баштады. Ушундай темп менен кете берсе бүбү-бакшыларга күнүбүз түшөт", — деди депутат.

Авторлор медиктерди коркутуп-үркүтсө 20 миңден 50 миң сомго чейин айып салып, эки жылга чейин эркинен ажыратууну көздөп жатат. Эгер өмүрүнө коркунуч келтирбеген зомбулук көрсөтсө 50 миңден 100 миң сомго дейре айыпка жыгып, беш жылга камоо каралган.
Стоматологияда чарчап калган бөбөк. Анестезиолог, медборбордун башчысы камалды