БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Кыргыз Республикасынын башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн, мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө" жобого ылайык бош кызмат орундарына сынак жарыялады. Маалыматта үч мекеменин директорлугуна кызматкер изделери белгиленген:
Насыр Давлесов атындагы Республикалык маданият жана искусство колледжинин директорлугуна. Дареги: Чүй облусу, Токмок шаары, Дубовицкий көчөсү, 153;
Ыбырай Туманов атындагы Каракол мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директорлугуна. Дареги: Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, Гебзе көчөсү, 120;
Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын директору кызмат ордуна. Дареги: Бишкек шаары, Москва көчөсү, 123/1.
Аталган кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлган:
маданият жана искусство багыты боюнча жогорку кесиптик билими;
беш жылдан кем эмес педагогикалык же жетекчилик кызмат орундарындагы тажрыйбасы.
Директордун кызматтык милдеттери:
директор мекеменин уставынын негизинде өз укуктарын жана милдеттерин ишке ашырат жана мекеменин ишинин натыйжалары үчүн толук жоопкерчилик тартат;
штаттык жана финансылык тартиптин сакталышына көзөмөл кылат;
буйруктарды чыгарат, бардык кызматкерлер жана студенттер аткарууга милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берет;
педагогикалык жана администрациялык персоналдын курамын түзөт;
мекеменин ички тартибин, түзүмүн бекитет;
өзүнүн орун басарларын дайындайт;
мекеменин кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитет;
кирешелердин жана чыгашалардын сметасын бекитет;
монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу аркылуу келишимдик (контракт) окутуунун наркынын сметасын бекитет.