БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Ош шаарына Өзбекстандан 100 автобус сатып алынат. Бул тууралуу Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондунан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, транспорт сатып алууга каражатты аталган фонд бөлүп бермекчи.
"Ош мэриясы жана фонддун өкүлдөрү макулдашууга 13-мартта кол коюшкан. Автобустар Өзбекстандын "Самарканд автомобиль заводунан" сатып алынмакчы", — деп жазылат билдирмеде.
Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду 2022-жылы түзүлгөн. Ал убакта уставдык капиталы 50 миллион долларды түзүп, келечекте 200 миллион долларга жогорулаары айтылган.