Эсибизде калган КВН жылдызы Марат Жуманалиев...

Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Бүгүн, 14-мартта, Азия Mix командасынын мурдагы оюнчусу Марат Жуманалиев (Маратик) көз жумду.
Ал 1981-жылы 8-майда Аламүдүн районунда төрөлгөн. Маектеринде бою 10-класста эле 195 сантиметр болгонун, кийин 2 метр 12 сантиметрге жеткенин айткан.
Марат спорттун дээрлик бардык түрү менен алектенген. Кезинде белгилүү рэп ырчысы Тиматиге жан сакчы болуп, Николай Валуев жана Владимир Кличко менен спаррингге чыккан.
Эч убакта КВНде ойноп калам деп ойлогон эмес. Элдияр Кененсаров анын боюн Азия Mix командасынын "фишкасы" кыла алган.
Кыргызстанда жашаган дагестандык кызга үйлөнүп, төрт уул, бир кыздуу болушкан.
Соңку жылдары кайрымдуулук менен алектенип, өзгөчө турмуштук сыноого кабылган балдарга боор тартып келген.
АКШда каза болгон эки кыргызстандыктын сөөгү мекенине алып келинди