Садыр Жапаров 12 жылдык окууга каршы эмес экенин айтты

Министр эгер 12 жылдык окуу кирсе нөлүнчү класстар 1-класс болуп, 11-класстар 12-класс болуп каларын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров мектепке чейинки жана мектептердеги билим берүүнү өнүктүрүүгө арналган жыйында Кыргызстанда 12 жылдык окууга каршы эмес экенин билдирди.
Жыйында билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева өлкөдө мектептерди 12 жылдык окууга өткөрүүнү сунуштаган. Президент "нөлүнчү класс 12 жылдык окуунун ичине киреби" деген тактоочу суроо узаткан.
Министр нөлүнчү класс 12 жылдык окуунун ичинде болорун айтып, бул учурда кандай өзгөрүү болорун түшүндүргөн.

"Азыр мектептердин баарында нөлүнчү класс же мектепке чейинки даярдоо класстары бар. Аларды мамлекет каржылайт. Биринчи класста ошол эле программалар кайталанат. Эгер 12 жылдык окуу кирсе, ошол нөлүнчү класстар 1-класс болуп, 11-класстар 12-класс болуп калат. Азыркыдан эч нерсе өзгөрбөйт. Окууну бүтөрдө соңку үч жылда окуучулар ар кандай кесиптерге үйрөтүлөт. Балдар чачтарач, ширетүүчү, тигүүчү же ашпозчунун сертификатын кошуп алышат. Ал эми илим жаатына кетем дегендерге атайын класстар даярдалат", — деген Кендирбаева.

Министрдин түшүндүрмөсүн уккан соң президент сунушка макул экенин айткан.
Мектептерде сабак учурунда телефон колдонууга тыюу салынышы мүмкүн