Радио

Тойчубеков: тиштин бузулушуна телефон да таасир этет

Жогорку категориядагы врач-стоматолог Медербек Тойчубеков балдардын тишинин бузулушуна телефондун да таасири бар экенин айтты.
Sputnik
Тишин аяп катуу нерселерди жебей, жер-жемишти блендерден өткөрүп азыктанган адамдар бар. Тескерисинче, мындан тиштин мүлкү бузулат. Бул тууралуу Медербек Тойчубеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, тиш щётканы туура эмес тандап алуу тиш менен бүйлөнүн ортосундагы дефектти пайда кылат.
"Тишти сактоо үчүн эң биринчи кезекте гигиена жана туура тамактануу маанилүү. Мындан башка да абдан көп факторлор бар, буга тукум куучулук да кирет. Тиш — жалпы организмдин бир бөлүгү. Организмди жакшы күтө билсеңиз, тиш да жакшы болот. Кыймылдабай жата берген адамдын организми начар болсо, тиши да начарлайт. Ата-энелерге телефондун тишке зыяндыгын айтсаң таң калышат. Анткени кечке кыймылдабай телефон тиктеп жата берген баланын организми алсырап, анын арты менен тиш да акырындан жабыркай берет. Адамдын организминде кальций, фтор жетиштүү болушу кажет. Кыймылдабай жата берген адамдын тамагы менен кошо витаминдер да сиңбей калат", — деди Тойчубеков.
Ал кадимки тиш сүттүн өңүндөй болорун, аны агартам деп катуу щеткалар менен жышып жууган да зыян экенин кошумчалады.