БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Мектептердеги билим берүү маселесине кайдыгерлик кылууга акыбыз жок, мамлекет билим берүү максаттарына каражат аябайт. Бул туурасында президент Садыр Жапаров мектепке чейинки жана мектептердеги билим берүүнү өнүктүрүүгө арналган жыйында айткан.
Иш-чарада билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева мектептеги билим берүүнү трансформациялоо боюнча "Алтын Казык" мамлекеттик программасынын долбоорунун бет ачарын жасаган.
Мамлекет башчысы жаңы программа буга чейинки баркы менен мааниси кеткен кезектеги "реформага" айланбай, алдыдагы ондогон жылдарга өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн бекем негизин түзүшү керектигин белгилеген.
"Мектептердеги билим берүү маселесине кайдыгерлик кылууга акыбыз жок. Биз азыр мекен келечеги, маанилүү улуттук маселелер дал ушул мектепте чечилип жатканын так кесе айтышыбыз керек жана даана, так аңдап-билишибиз абзел. Эң негизги байлыгыбыз – элибиз, адам капиталы, мамлекет билим берүү максаттарына каражат аябайт", — деген президент.
Президент билим берүү жана илим министрлигине билим берүү программаларын модернизациялоо жана алардын мазмунун жакшыртуу маселелерине артыкчылыктуу түрдө көңүл бурууну тапшырган.
Жапаров окуу китептеринин жетишсиздигин жол берилгис нерсе деп атаган. Былтыр 738 миң нускада 176 миллион сомдук 16 аталыштагы окуу китептери жана 13 аталыштагы методикалык колдонмолор басылып чыкканын белгиледи. Муну менен бирге президент министрлер кабинетине эки жылдык мөөнөттө дүйнөгө таанылган алдыңкы стандарттарга негизделген заманбап окуу китептери менен Кыргызстандын мектеп окуучуларын камсыз кылуу маселесин толук чечүүгө тапшырма берген.