Путин: Россиянын өзөктүк дарамети башкалардыкына салыштырмалуу күчтүү

Путин эгер АКШ өзөктүк сыноолорду өткөрсө Россия да ушундай кадамга барууга аргасыз болорун белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Россиянын өзөктүк дарамети башка өлкөлөрдүкүнө караганда күчтүү. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин журналист Дмитрий Киселевго берген маегинде билдирди.
"Биздин өзөктүк дараметибиз башкалардыкына караганда бир топ күчтүү. Мындай кубат Россияда жана АКШда гана бар. Биздики бүгүнкү күндүн талабына толугу менен жооп берет, бул бүтүндөй өзөктүк компонент. Муну бардык эксперттер билет. Бирок бул жагдай согуштук куралдын саны боюнча жарышуу керек дегенди билдирбейт. Америкалыктар болгон компоненттерин өнүктүрүп жатышат, Россия да ошондой кылууда. Бирок бул, менин оюмча, алар эртең өзөктүк согушту баштоого даяр дегенди билдирбейт. Эгер каалап калышса эмне кылабыз? Биз даярбыз", — деди россиялык лидер.
Ал ошондой эле эгер АКШ өзөктүк сыноолорду өткөрсө Россия да ушундай эле кадамга барууга аргасыз болорун белгиледи.
"Мындай сыноолорго тыюу салган келишим бар. Тилекке каршы, АКШ аны ратификациялаган жок. Ошондуктан паритет сакталышы үчүн бул документти чакыртып алдык. Буга карабастан келишимдерди сактайбыз, бирок АКШ мындай сыноолорду жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн карап жаткандыгын билебиз... Эгерде алар ушундай сыноолорду жүргүзсө, биз да ошондой кыларыбызды четке какпайм", — деди Путин.
Путин АКШнын коргонуу бюджетинин көбүн кайсы тармак "жеп" жатканын айтты