БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Россия АКШда өтө турган президенттик шайлоого кийлигишпейт, Москва америкалыктар тандаган президент менен иштешүүгө даяр. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин Дмитрий Киселевго берген маегинде билдирген.
Баарлашып жатып Киселев буга чейин Путиндин Жо Байден тажрыйбайлуу экенин, анын жеңиши Дональд Трамптыкына караганда АКШдагы шайлоонун артыкчылыктуу натыйжасы болору тууралуу айтканын эске салган. Журналист Россия лидеринен "мындай билдирүүнү шайлоо алдындагы өнөктүккө кийлигишүү деп эсептесе болобу" деп сураган.
"Биз бир дагы шайлоого кийлигишпейбиз. Америка эли кайсы талапкерге ишенип добуш берсе, ошол адам менен иштешүүгө даярбыз", — деген ал.
Россия президенти АКШдагы шайлоо алдындагы азыркы кырдаал барган сайын чектен чыгып баратканын да белгилеп, Американын саясий системасын демократиялык деп айтууга болбой калганын кошумчалаган.