Радио

Муфтият: орозо кармап жаман ишке баргандардын орозосунан пайда жок

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын адал бөлүмүнүн башчысы Бактияр Токтогазы уулу муфтият бардык имамдарга, молдолорго орозонун пайдасы тууралуу туура маалымат берүү тапшырмасы коюлганын айтты.
Sputnik
Орозо кармаган адамдар бирөөгө зулумдук кылса, ушактаса, сөксө, чагымчылык кылса анын орозосунан пайда жок. Рамазан айында тамактан оозду гана тыйбастан, адамгерчиликти, сый-урматты, туура жүрүм-турумду да калыптандыруу керектигин Бактыяр ажы Токтогазы уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, орозодо бардык жасалган иштин, дубанын, тилектердин сообу эселеп берилгендиктен аны туура жана так аткарууга аракет көрүү зарыл.
"Быйыл ыйык Рамазан айы 11-мартта башталды. Бул айда таң аткандан күн батканга чейин тамак-аштан, суусундуктан таптакыр арылабыз. Мусулмандар үчүн Рамазан айы ыйык деп эсептелгендиктен ага дайыма өзгөчө көңүл буруу кажет. Алсак, орозо кармаган адамдар бирөөгө зулумдук кылса, ушактаса, сөксө, чагымчылык кылса анын орозосунан пайда жок. Рамазан айында тамактан оозду гана тыйбастан, адамгерчиликти, сый-урматты, туура жүрүм-турумду да калыптандыруу керек. Орозодо бардык жасалган иштин, дубанын, тилектердин сообу эселеп берилгендиктен аны туура жана так аткарууга аракет көрүү зарыл. Мындан тышкары, муфтият бардык имамдарга, молдолорго орозонун пайдасы тууралуу туура маалымат берүү тапшырмасы коюлуп, жакшы иштерди жасоого үндөө каралган. Орозо айы — 30 күндүк мектеп. Андан жакшы өтүп, көп нерсе билүүгө аракет кылуу керек", — деди Токтогазы уулу.
Ошондой эле адис битир-садаганы муфтияттын эсебине электрондук капчыктар аркылуу, мечиттерде QR-код аркылуу берсе болорун кошумчалады.