Президенттин Иш башкармалыгы Мамлекеттик ипотекалык компаниянын акционери болду

Буга чейин министрлер кабинети Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги аркылуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын 100 пайыздык акционеринин милдетин аткарып келген.
Sputnik
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Кыргызстандын президентинин иш башкармалыгы Мамлекеттик ипотекалык компаниянын акционери болуп калды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Буга чейин министрлер кабинети Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик аркылуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын 100 пайыздык акционеринин милдетин аткарып келген.
Мындай чаралар Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, Кыргызстанда ипотекалык насыялоо механизмин өркүндөтүү, ошондой эле социалдык, аскер кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик программаны кабыл алуу жана ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү максатында кабыл алынганы белгиленген.
Бишкекте мамлекеттик ипотекалык турак жайдын курулушуна капсула салынды