Пресс-борбор

Адис: Кыргызстандын мектептеринде ысык тамакка АКШ эмес, Россия жардам берүүдө

Бир нече күн мурун Вигери ЖМКлардын бирине берген маегинде АКШнын Кыргызстанга көрсөтүп жаткан жардамынын көбү бейөкмөт уюмдар аркылуу экенин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Эл аралык мамилелер боюнча адис Эсен Усубалиев АКШнын элчиси Лесли Вигеринин айткандары боюнча комментарий берип жатып Кыргызстандын мектептериндеги тамактануу системасына АКШ эмес, Россия жардам берип жатканын эске салды.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттиги уюштурган "КМШ өлкөлөрүндө бейөкмөт уюмдардын ишин эмнеге жөнгө салуу керек" аттуу видеоконференцияда сүйлөдү.
Эскерте кетсек, бир нече күн мурун Вигери ЖМКлардын бириндеги маегинде АКШнын Кыргызстанга көрсөтүп жаткан жардамынын көбү бейөкмөт уюмдар аркылуу экенин айткан. Эгер бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбоору кабыл алынса мектеп окуучуларын ысык тамак менен камсыздоо мүмкүнчүлүгү чектелерин белгилеген.
Усубалиев элчи эгер жардам келбесе окуучулар ысык тамаксыз каларын айтканын белгилеп, мындай мисалдар, күмөндүү билдирүүлөр менен өлкөдөгү кырдаалды козутуу аракети болушу мүмкүн экенин кошумчалаган.
Эл аралык мамилелер боюнча адис Эсен Усубалиев
"Биз ысык тамакка АКШ эмес, Россия БУУ аркылуу жардам берип жатканын билебиз. Мектептеги тамак-аш системасын Россия каржылоодо", — деген адис.
Россия Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу Кыргызстанга акыркы он жылдыктын ортосунан бери мектептерде тамактануу жаатында жардам берип келет. Андан бери 22 миллион доллар бөлүнүп, үч жылдын ичинде дагы 15 миллион доллар берүү пландалууда.
Эске салсак, Жогорку Кеңеш коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырган. Президент Садыр Жапаров документ Кыргызстанда иштеген бейөкмөт же коммерциялык эмес уюмдардын ишин ачык-айкын кылуу жана тартипке келтирүү максатында иштелип чыкканын билдирген.
Пресс-борбор
Эксперт: бейөкмөт уюмдар боюнча мыйзам кабыл алынса АКШ кысым көрсөтөт