Мэрия Бишкектин борбордук көчөлөрүнө өзгөчө режим киргизмекчи. Карта

Sputnik
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Мэрия Бишкектин борбордук көчөлөрүнө өзгөчө режим киргизүүнү көздөп жатат. Мындай сунуш "Бишкек башкы архитектура" ишканасынын жыйынында каралган.
Картада сары менен белгиленген көчөлөргө жолдун жээгине унаа токтотууга тыюу салуу сунушталууда. Ал эми жашыл менен азыр машина калтырууга болбой турган көчөлөр чийилген.
Шаардын башкы архитектору Урмат Карыбаев жол жана транспортту өнүктүрүү жаатындагы долбоорлорду көрсөтүп, транспорт түйүндөрүн, асма жол, жаңы жол куруу жаатындагы көйгөйлөрдү жана аларды чечүү жолдору тууралуу айтып берген.
Бишкекте шаардын түндүк менен түштүгүн байланыштырган үч чоң жол салынат. Карта