Бишкек: бир нече жерде электр кубаты өчүп, ага компания түшүндүрмө берди

Бишкектин бир нече аймагынын жашоочулары электр жарыгысыз калганын айтышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Борбор калаанын бир нече жеринде электр энергиясы өчкөндүгүн жергиликтүү тургундар жазышты.
Маалыматтарга таянсак, Лебединовка, Маевка, Төкөлдөш, Кара-Жыгач, Кызыл-Аскер аймактары, Чыгыш-5 кичи району жарыксыз калган.
"Улуттук электр тармагы" ишканасынын маалымат кызматынан электр энергиясынын өчүшүнө төмөнкүлөр себеп болорун айтышты:
алдын ала мерчемделген профилактикалык иштер;
жаралган авариялык кырдаал;
жаратылыш шарттары.
Аба ырайы начар болгондо электр кубаты көбүрөөк керектелип, андан улам тармактарга күч келип, кээде көтөрө албай калат. Автоматика иштеп кетет да, электр кубаты өчөт. Энергетиктер мындай учурда электр менен кайрадан камсыздоого эң көп дегенде 1,5 саат кетерин айтышат.
Компаниядан жогорудагыдай абал түзүлсө чалып, маалымат алыш үчүн күнү-түнү иштеген телефондордун номерлерин беришти: 105, 1209, 0772001209, 0702 001209, 0556 001209 ( WhatsApp).
Жаман көрүнсөм мейли. Садыр Жапаров электр жарыгын чектөө боюнча үн катты